Россия Кыргызстанда 9 мектеп курат

Россия Кыргызстанда 9 мектеп курат. Бул тууралуу Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Жыйында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн макулдашуусунун долбоору тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат берди.

Анын айтымында, келишимдин долбоору Кыргызстан менен Россиянын президенттеринин буга чейин жетишилген макулдашуусуна ылайык даярдалган.

«Окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөргө эки үлгүдөгү Кыргызстандын жана Россиянын күбөлүктөрү берилет», — деди ал.

Жалпы 9 мектеп салынып, ар бири 1 миң 224 орунга чейин ылайыкталат. Окутуу орус тилинде жүргүзүлөт.

Мектептерди курууга төмөнкү жерлер сунушталган:

  • Чүй облусунун Сокулук районунда Новопавловка айылында (Иманалиев-Гагарин көчөлөрүнүн кесилиши) 3,1 гектар жер,
  • Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын Айгүл-Таш тилкесинде 3 гектар,
  • Талас шаарынын Оторбаев көчөсүндө 3,3 гектар,
  • Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү «Жаштык» лагеринин жер тилкесинде 3 гектар,
  • Ысык-Көлдүн Каракол шаарында (Элебаев-Карасаев көчөлөрүнүн кесилиши) 3 гектар,
  • Бишкек шаарынын Сухэ-Батор көчөсүндө 3,1 гектар,
  • Ош облусунун Өзгөн районунун Прогресс айылында 3,1 гектар,
  • Жалал-Абад шаарында Пушкин көчөсүндөгү №1 кесиптик лицейдин 7,86 гектар жеринен 3 гектар,
  • Нарын районунун Кеңеш айылында Сейил-Булак тилкесинде 3 гектар жер каралган.

Суроо-жооптон кийин комитет макулдашуунун долбоорун биринчи окууда жактырып берди.