Муфтият ажылыкка барчулардын кийимин тигүүгө сынак жарыялады

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы зыяратчылар үчүн кийим тигүүгө сынак жарыялады. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, арыздар үстүбүздөгү жылдын 25-январына тартып, 17-февралга чейин кабыл алынат. Сынак 21-февралда муфтияттын имаратында саат 10:00дө өткөрүлөт.

Талаптары:

  • Убактылуу республикалык штабдын (УРШ) төрагасынын атына конкурска катышуу боюнча арыз;
  • Конкурска катышуучу жактын иш кагаздарынын көчүрмөлөрү;
  • Лицензиянын (патенттин) көчүрмөсү;
  • Салык жана Соцфондго атайын төлөмдөр боюнча карызы жоктугун тастыктоочу документ;
  • Конкурска катышуучу жактын тигүү ишканалар рыногундагы кеминде үч жылдык ишмердигин тастыктоочу каржы иш кагаздары;
  • Реквизиттер;
  • Ажылык сапарында ажылар кийүүчү жайкы кемселдин эркектер жана аялдар үчүн үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).

Белгилей кетсек, Сауд Аравия 2023-жылдагы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлдү.

Муфтият ажылыкка барчулардын кийимин тигүүгө сынак жарыялады