Өзгөндө 75 орундуу “Саадат Эне” бала бакчасы ачылды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында 75 орундуу “Саадат Эне” бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин өкүлү Зиядин Жамалдинов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Шабдан Абыкаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган балдар бакчасында учурда 55 бала тарбияланууда. Курулуштун баасы 30 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланды.