“Директорго эскертүү берилди”: Өзгөндө көйнөкчөн бийлеген окуучулар боюнча түшүндүрмө берилди

Өзгөн районунун билим берүү бөлүмү маалымат таратып салтанат учурунда суукта көйнөкчөн эшикте бийлеп жаткан окуучулар тууралуу комментарий берди.

Андагы маалыматта, 23-январда Өзгөн районунда №38 Эшматов атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземи болгону айтылат.

«Аземге райондук, облустук жана коомдук уюмдардын жетекчилери, өкүлдөрү катышты. Ачылыш райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолуп, ага окуучулар тартылган эмес.

Салтанаттын соңунда коноктор мектеп менен таанышуу үчүн имаратка киргенде окуучулар өздөрү музыканын коштоосунда бир аз бийлешти. Бул ачылыш программасына киргизилген эмес», — деп жазылат билдирүүдө.

Кошумчалангандай, салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн директорго эскертүү берилди.