Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Мамбеталиев Жолдошбек Султанович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору болуп дайындалды.

Садыр Жапаров кол койгон башка жарлыкка ылайык, Джанузаков Адилет Канатович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору кызматынан бошотулду.