
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы зыяратчылар үчүн кийим тигүүгө сынак жарыялады. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда, арыздар үстүбүздөгү жылдын 25-январына тартып, 17-февралга чейин кабыл алынат. Сынак 21-февралда муфтияттын имаратында саат 10:00дө өткөрүлөт.
Талаптары:
- Убактылуу республикалык штабдын (УРШ) төрагасынын атына конкурска катышуу боюнча арыз;
- Конкурска катышуучу жактын иш кагаздарынын көчүрмөлөрү;
- Лицензиянын (патенттин) көчүрмөсү;
- Салык жана Соцфондго атайын төлөмдөр боюнча карызы жоктугун тастыктоочу документ;
- Конкурска катышуучу жактын тигүү ишканалар рыногундагы кеминде үч жылдык ишмердигин тастыктоочу каржы иш кагаздары;
- Реквизиттер;
- Ажылык сапарында ажылар кийүүчү жайкы кемселдин эркектер жана аялдар үчүн үлгүсү (конкурска көрсөтүүгө).
Белгилей кетсек, Сауд Аравия 2023-жылдагы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлдү.
