
Бул тууралуу маалыматты борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.
Анын айтымында, No87, 81 жана 78 мектептер убактылуу жабылды.
Эске салсак, өткөн аптада Энергетика министрлиги Кыргызстанда электр жарыгын өчүрүү киргизилгенин мойнуна алган. Алардын айтымында, 1-1,5 саатка электр жарыгы өчүрүлбөсө, трансформаторлор иштен чыгышы мүмкүн.
Министрлик өлкөнүн аймактары жана Бишкек шаары боюнча электр жарыгын өчүрүү графигин берди.