Эл өкүлү туристтерди улуттук кийимчен тосуп алууну сунуштады

Кыргызстанга келген туристтерди улуттук кийимчен тосуп алууну сунушун депутат Тазабек Икрамов берди. Депутат Жарандык авиация агенттигине аэропорттордо тартипти, тазалыкты орнотууну, бирок биринчи кезекте улуттук кийимдерге көңүл бурууну табыштады. «Маданият аэропорттон башталат. Бул майда сезилиши мүмкүн, бирок коноктор аны сөзсүз баалайт»,-дейт депутат.