Акылбек Жапаров: Бишкекте биринчи күнү так сандуу унаалар гана жүрүшү керек

 Эмдиги кыштан тарта Бишкекте дүйшөмбү күнү так сандуу унаалар гана жүрүшү керек. Бул тууралуу Министрер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, 20-январда, республикалык кеңешмеде ыш маселеси тууралуу айтып жатып билдирди.

Жыйында Жапаров Бишкек аркылуу транзит менен жүргөн унаалар шаарды айланып өтүшү керектигин айтты.

«Эмки кыштан баштап, биринчи күнү так сандуу унаалар гана жүрсүн. ИИМ, Транспорт министрлиги, мэрия Бишкектин тургундарынын канча унаасы бар экенин тактап, аныктап чыккалы. Бөлөк жактан келген унаалар үчүн шаардын кире беришине «ловушкаларды» койгула. 1,5 миң автобус алсак, шаардын кире беришине унааларын токтотуп, шаарга автобус менен кириш керек. Канча киши шаарга келсе, ар бири бирден унаа айдап келет», — деди ал.