Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтор жолугушту

Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу Дүйшөмбү шаарында өткөн. Анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлган. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн.

Тараптардын кезектеги жолугушуусу Кыргызстанда өтөт.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтор жолугушту