Кубат Абдраимов «Кыргызалтынга» жетекчи болду

«Кыргызалтын» ААКнын жаңы төрагасы шайланып, ага Кубат Абдраимов дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын 19-январында директорлор кеңешинин чечими менен «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков берилген арызга ылайык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Кыргызстандын мыйзамдарынын бардык жол-жоболоруна ылайык, Кубат Абдраимовду “Кыргызалтын” ААКнын жетекчиси кылып дайындады.

Кубат Абдраимов буга чейин Ош шаарынын прокурору болуп иштеген, ошондой эле «Кыргызалтын» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.