“Кыргызкөмүр” ишканасынын басма сөз кызматкери депутаттарга кайрылды: “Депутаттар, адамды иштетпейсиңерби!»

Жийде Зоотбекова өзүнүн кайрылуусунда Борбор Азия боюнча электр энергия өчкөндө Таалайбек Ибраев менен тыгыз иштешкенин эске алып, ал кылып жаткан иштерди баалап коюуга чакырды.

«Борбор Азия боюнча свет өчкөндө дал ушул Таалайбек Ибраев мага маалымат берген, ошондо кыргызстандыктар свет Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азия боюнча өчкөнүн билишкен. Ошол киши айтканы үчүн кечке чейин свет кайра калыбына келгенин Орто Азия, Европа, Америка, Араб мамлекеттерине да кеңири тарап сайттарына чыккан.

Мунун натыйжасында маалыматтык согуштан утуп чыгууга Ибраевдин салымы чоң болгон.


«Депутаттар Энергетика министрин Доскул Жумагуловичти чакырып алып рахматынарды айтып,коңшу өлкөлөргө уят болбой абалдан чыктык деп сүйүнбөдүңөр беле? Эми Тазабек Икрамов жана Сарыбагышов депутаттар жаңы министр алып келсе эле кыш жайга айланып, нагрузка азайып кетеби?»


«Депутаттар, бир күн мактап, кайра тепкилебей адамды иштетпейсиңерби!»,-дейт Зоотбекова.

Эске салсак, кечээ 19-январда Парламенттин чоң жыйынында калкты жылуулук, электроэнергия жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелери боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулуп жаткан учурда бир катар депутаттар энергетика министрлигине карата сын-пикирлерин айтышкан.