Kaktus.media жана 24.kg редакциясынын кызматкерлери эвакуацияланды

Маалыматка караганда, бүгүн аталган ЖМКлардын имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Мындан улам милиция кызматкерлери кеңсе кызматкерлерин эвакуациялашкан.

Буга чейин борбор калаадагы төрт мектепте бомба бар делген маалыматтан улам окуу процесси үзгүлтүккө учураган. Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, №33 мектеп, Ч.Айтматов атындагы лицей жана “Сейтек” билим берүү мекемесинде бомба бар деген маалымат келген. Кийин ИИМ мектептерден жарылуучу зат табылган жок деген маалымат таратты.