Тазабек Икрамов Энергетика министрине: “2009-жылы сиз Ширшов менен иштеп жатканда өчүрүүлөр болгон, эми да кайталанууда”

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраевге карат бир катар сын пикирлер айтылды.

Депутат Тазабек Икрамовдун пикиринде, бийликке мамлекетке зыян келтирген адамдар келет.

“Сиз 2009-жылы сиз Ширшов менен иштеп жатканда электр энергиясын өчүрүүлөр болгон. Эмне үчүн 2010-жылдан кийин андай болгон жок? Сиз бийликке келгенге чейин өчүрүүлөр болгон эмес. Сиз бийликке келдиңиз, эми кайра кайталанып жатат”, – деди ал.

Чиновник бир нече жылдан бери быйылкыдай үшүк боло электигин айтып жооп кайтарды.

Анын айтымында, ар бир беш жылда суунун азайган мезгили болот.

“Кимдир бирөө жоопкерчиликти алып, иштеши керек. Азырынча эч ким жок. Мен ордумду кармабайм. Эгерде менин ордума бирөө келип, өлкөнү кыйын абалдан алып чыгам десе, мен кетем”, – деп жооп берди Таалайбек Ибраев.

Тазабек Икрамов министрди кызматтан кетирбей, жоопкерчиликке тартуу керектигин айтты.

Бүгүн Энергетика министрлиги Кыргызстанда мал-маалы менен электр жарыгын өчүрүү киргизилгенин мойнуна алды.