“Газпром-Кыргызстан” ишканасы калкка газ берүүнү токтотпойт

Социалдык тармактарда “Газпром” газды өчүрөт деген жалган маалымат тароодо. Орто Азияда анын ичинде Кыргызстанда катуу суукка байланыштуу электр энергияга жана калкка болгон муктаждык калктын арасында болуп көрбөгөндөй жогорулады. Бирок, Газпром тургундарга газ берүүнү токтотпойт.

Аталган ишкана ири өнөр жайларга берилүүчү газды убактылуу гана токтотуп жаткандыгын билдирет.

Алар ресторан, кафе, ири өнөр жайлар жана мончолор. Ал эми бала бакча, мектептерде жана мамлекеттик ишканаларда газ үзгүлтүксүз берилмекчи.

Белгилей кетсек, ЖКнын жыйынында бүгүн, “Газпром-Кыргызстан” биргелешкен компаниясынын өкүлү Арзымат Алдаяров Кыргызстанга газ стабилдүү жана келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө ташылып келип жатканын билдирди. Анын айтымында, азыр Бишкек жылуулук борборуна саатына 9300 куб метр кетип жатат.