Депутат министрге: ИИМ жана УКМКнын кызматкерлери жашаган үйлөрдө жарык өчпөйт. Себеби эмнеде?

Көк-Жар конушунун тургундары Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын кызматкерлери жашаган үйлөрдөн башка ар бир адамга жарык өчүрүлүп жатат деп нааразы болушууда. Бул тууралуу парламенттин отурумунда депутат Дастан Бекешев билдирди.

Ошондой эле энергетика министрден депутат министрликти сотко берсе болор-болбосун сурады.

Таалайбек Ибраев абоненттерге Энергетика министрлигине талап коюуга эч ким тыюу сала албайт деп жооп берди.

Тургундар талап коюуга укугу бар, биз аларды токтото албайбыз. Казанды жардырбаш үчүн электр энергиясын 1-1,5 саатка өчүрөбүз”, – деди ал.

Министр тургундардын бай-кедейлерине карабай, электр энергиясы өчүрүлүп жатканын кошумчалады. “Жарыкты кимге өчүрүүнү же өчүрбөөнү эч ким тандай албайт. Бизде мындай вариант жок. Көк-Жар конушунун бир бөлүгүндө чындыгында УКМКнын жана Ички иштер министрлигинин үйлөрү бар, ал жерде алар жарыкты да, башкаларды да өчүрүшөт”, – деп баса белгиледи ал.