Былтыр чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди

Өткөн жылы чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди. Бул тууралуу 19-январда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында айтты.

Кулбаевдин айтымында, 350 маркумдун 200дөн көбү Орусияда каза болгондор.

““Жүк-200” алып келүү иши Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте консулдуктардын жардамы менен жүргүзүлүп келет”, – деди ал.

Тышкы иштер министрлиги 2021-жылы тогуз айда чет өлкөлөрдөн 332 кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келингенин билдирген. Кыргызстанга көбүнчөсү Орусияда эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктардын сөөгү жеткирилет. 2022-жылдын ноябрь айында эле Орусиядан Кыргызстанга 15 кыргызстандыктын сөөгү алынып келинген.

Расмий маалыматтарга ылайык, чет өлкөлөрдөн бир миллиондон ашык кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда иштеп жүргөн мигранттар түзөт.

Автор: Сезим Тагаева