Ырчы Бегимай Бекбоева каза болду

Эстрада ырчысы Бегимай Бекбоева каза болду. Бул тууралуу ырчы Дайыр Исмадияров социалдык баракчасына жазды.

“Кош бол, Бегимай. Жаркылдаган кыз элең, неге анча шаштың? Жаткан жериң жайлуу болсун”, — деп жазды ал.

Ырчынын эмне себептен каза болгону тууралуу азырынча айтыла элек.

Бекбоева 1990- жылы 27- февралда Нарында төрөлгөн. Атасы Токторбек Бекбоев обончу, аткаруучу, актёр. Апасы Жаңыл Кудайбергенова актриса, куудул. Бегимай алгач сахнага 5-классында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиеванын концертинде Асел Турдалиеванын «Эх, байке» деген ыры менен чыккан. Бегимай Бекбоеванын репертуарындагы ырлары «Жаш жигит», «Атама», «Алыстарга».

Вulak.kg редакциясы Бегимай Бекбоеванын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.