Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшөва каза болду

15-январда мурдагы качкын президент Курманбек Бакиевдин жубайы Төлөмүшева Назгүл Муратбековна жүрөк оорусунан каза болгон. Бул тууралуу vb.kg сайты өз булактарына шилтеме берүү менен жазды. 

Маалыматка караганда, анын сөөгү Кыргызстанда жерге берилет. Назгүл Төлөмүшева Курманбек Бакиев менен Лейла аттуу кызын жана уулу Даниярды тарбиялап келишкен.

Алар 1995-жылдан бери бирге жашап келишкен.