Ошто мыйзамсыз берилип кеткен 38 га жер мамлекетке кайтарылды

Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүндөгү 38 гектар жер мамлекеттин эсебине кайтарылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайы комиссия түзүлүп, Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүндөгү 38 гектар жер аянтын кандай жагдайда жеке тарапка өтүп кеткенин жеринде текшеришкен.

«Жыйынтыгында аталган айыл чарба багытындагы жер аянтты 1991-жылдан бери жеке тарап иштетип келгени аныкталган. Бирок 31 жыл аралыгында жер үчүн төлөнүүчү төлөмдөрүн төлөгөн эмес. Ошондой эле жерге тиешелүү документтер да жасалганы жана мыйзамсыз экени аныкталган.

Бүгүнкү күндө комиссиянын жана тиешелүү кызматтардын чечими менен 38 гектар айыл чарба багытындагы жер аянты Жоош айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды», — деп айтылат маалыматта.