ИИМ: Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташып жүргөндөр кармалды

Бул тууралуу Вulak.kg басылмасына ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам иштердин натыйжасында милиция кызматкерлери баңгизат менен алектенген кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармашты. Алардан 12 килограммдан ашык “Гашиш” баңгизаты алынды.

WhatsApp Image 2023 01 17 at 12.06.44 ИИМ: Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташып жүргөндөр кармалды


Узак мөөнөттүү ыкчам иштердин жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери менен биргеликте Тажикстандан Кыргызстандын аймагына “Гашиш” баңгизатын ташуу менен алектенген улуттар аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Алар Кыргызстанга баңгизатты алып келгенден кийин, андан ары сатышмак.


Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 13-январында саат 19:00 чамасында Чүй облусунун Сокулук районундагы мечиттердин биринин жанында “Гашиш” (афган чарсы) баңгизатын сатууга аракет кылып жатышкан 1968-жылы туулган Г.К. менен 1964-жылы туулган А.Х. кармалды. Жаран 1968-жылы туулган Г.К. уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөсү катары ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын ыкчам каттоосунда турган.


Атайын жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө скотч менен оролгон, 12 таңгактагы өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү 12 кг 170 граммды түзгөн баңгизат табылып алынган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2023 01 17 at 12.06.43 1 ИИМ: Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташып жүргөндөр кармалды
WhatsApp Image 2023 01 17 at 12.06.42 ИИМ: Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташып жүргөндөр кармалды