Базаркулов: “Назгүл Төлөмүшова Бакиевдин фамилиясын алган эмес”

Куттумидин Базаркулов Фейсбуктагы баркчасы аркылуу билдирди.

“Өлүм улук. Ушундай улук нерсеге бүгүн кылчайып кайрылганга туура келди. Кейиштүү, бул дүйнөдөн адам өттү. Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова көз жумуп, сөөгү Белоруссиядан-Бишкекке, Бишкектен-Казарманга кетти. Ошол жерден жерге берилип ата-энесинин жанына коюлат.

Мындан жети ай мурун атасы Муратбек каза болгон. Апасы Бурулуш 42 жашында бир нече жыл мурун каза болду эле. 46 жашында өзү каза болуп отурат.

Жакын тургандарынын айтуусунда бир жума мурун туугандарын Белоруссияга чакыртып сүйлөшкөн экен. Жанында дайыма Рыскүл сиңдиси болгон. Ал сиңдиси сөөк менен кошо келди, бирок уул-кызы топурак салганга келген жок. Бакиев тараптан чочулоо болгондой.

Биз Назгүл менен кошуна болуп, Карл Маркс көчөсүндө чоңойгондуктан кичинекей кезин, ата-энесин, чоң ата-чоң энесин, туугандарын жакшы билебиз. Назгүл жаркылдаган жарык маанай, ачык мүнөз, сыртынан ички дүйнөсү көрүнгөн, ичинде кири жок, мектепте жакшы окуган кыз эле.

Назгүл Бакиевдин фамилиясын алган жок. Кандай болгон күндө да, ал Бакиевге өмүрүн арнап, өмүрлүк жолдош боло алды. Кыйынчылыгына чыдап, чыйрактыгын көрсөттү. Тоонун кызы тоодой көтөрүмдүү болду. Андан балалуу болду. Балдары өмүрлүү болсун. Кыргыз кыздарын сыйлап келген. Назгүлдүн жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун”, – деп жазды Базаркулов.

Эскерте кетсек, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин экинчи жубайы Назгүл Төлөмүшова Минск шаарында жүрөк оорусунан улам 15-январда 47 жашында каза болгон.

547ecf53 a4cc 445c 8998 cdbf14fc8cb3 Базаркулов: "Назгүл Төлөмүшова Бакиевдин фамилиясын алган эмес"

Назгүл Төлөмүшева 1976-жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жарык дүйнөгө келген. Макмал орус тилдүү орто мектебин 1993-жылы аяктаган.

Үч бир туугандын улуусу, өзүнөн кийин иниси менен сиңдиси бар. Атасы Муратбек Төлөмүшев 2022-жылы өтүп кеткен, апасы Бурулуш Төлөмүшева мындан 26 жыл мурда кайтыш болгон.

23 жашында Тогуз-Торонун ошол кездеги акими Курманбек Бакиевге турмушка чыгып, Лейла аттуу кыздуу жана Данияр аттуу уулдуу болгон. Азыр кызы 23, баласы 18 жашта. Жубайлардын ортосунда 26 жаш айырмачылык бар.

2010-жылдагы кандуу апрель окуясынан кийин Курманбек Бакиев менен өлкөдөн чыгып кетип, жубайлар Беларустан башпаанек табышкан.

Төлөмүшева 2016-жылы Беларустагы эң чоң мейманканалардын бири болгон “Минск” отелин башкарган.