Журналист: Назгүл Төлөмүшованы акыркы сапарга узатууга уул-кызы келген жок

Бул тууралуу маркумдун айылдашы, журалист Куттумидин Базаркулов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова көз жумуп, сөөгү Белоруссиядан-Бишкекке, Бишкектен-Казарманга кетти. Ошол жерден жерге берилип ата-энесинин жанына коюлат. Мындан жети ай мурун атасы Муратбек каза болгон. Апасы Бурулуш 42 жашында бир нече жыл мурун каза болду эле. 46 жашында өзү каза болуп отурат.

Жакын туугандарынын айтуусунда бир жума мурун туугандарын Белоруссияга чакыртып сүйлөшкөн экен. Жанында дайыма Рыскүл сиңдиси болгон. Ал сиңдиси сөөк менен кошо келди, бирок уул-кызы топурак салганга келген жок. Бакиев тараптан чочулоо болгондой”, – деп жазды ал.

Назгүл Төлөмүшева 1976-жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жарык дүйнөгө келген. Макмал орус тилдүү орто мектебин 1993-жылы аяктаган.

Үч бир туугандын улуусу, өзүнөн кийин иниси менен сиңдиси бар. Атасы Муратбек Төлөмүшев 2022-жылы өтүп кеткен, апасы Бурулуш Төлөмүшева мындан 26 жыл мурда кайтыш болгон.

23 жашында Тогуз-Торонун ошол кездеги акими Курманбек Бакиевге турмушка чыгып, Лейла аттуу кыздуу жана Данияр аттуу уулдуу болгон. Азыр кызы 23, баласы 18 жашта.

91700689 671463043425177 3008182527044091904 n Журналист: Назгүл Төлөмүшованы акыркы сапарга узатууга уул-кызы келген жок