Лейлекте иске ууланууну алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Лейлек РИИБдин Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында Арка-2, Борбордук Жаштык, Достук айылдарын кыдырышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Андан сырткары, кыш мезгилинде аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана ызгаардуу суукка байланыштуу милиция кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен чыгышып, иске ууланууну алдын алуу жана көчөдө кароосуз калгандарды аныктоо, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча иштерди алып барышууда.


Ошондой эле, жарандарга мал-жандыктарын талаага кароосуз калтырбоо, мал сарайларын жарыктандыруу жагы эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

WhatsApp Image 2023 01 17 at 14.08.01 Лейлекте иске ууланууну алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы