Ташкентте аял электриктин моюнуна бычак такап, жарык берүүнү талап кылган

Кечээ, Ташкент облусуна караштуу Чирчик шаарынын тургундары шаардагы электр жарыгын камсыздоо ишканасынын диспетчердик пунктуна келип, электр жарыгын берүүнү калыбына келтирүүнү талап кылышкан.

Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Screenshot 20230117 204507 Facebook 768x501 1 Ташкентте аял электриктин моюнуна бычак такап, жарык берүүнү талап кылган

Маалыматка ылайык, алар электр жарыгынын үзгүлтүксүз өчүрүлүшүнө байланыштуу бир катар нааразычылыктарын билдиришкен. Ишкананын кызматкери жергиликтүү тургундарды тынчтандырууга аракет кылган. Бул маалда 35 жаштагы аял электриктин кекиртегине ашкана бычагын такап, жеке өзүнөн «светти күйгүзөсүңбү же жокпу?» деп сураган.

Бул факты боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 277-беренеси (бейбаштык) боюнча иш козголду.