«Караван» соода борбору Нариман Түлеевге кайтарылды

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди сот чыгарган.

«Мен чоо-жайын билбейм. Соттун чечими менен соода борбору Нариман Түлеевдин карамагына өткөнү тууралуу аткаруу баракчасын алдык. Биз бул чечимди аткардык» – деди Мирлан Бакиров.

Эске салсак, 2021-жылы шаардын экс-мэри Нариман Түлеевге карата үч инстанциянын тең – Ленин райондук, Бишкек шаардык жана Жогорку соттун айыптоо өкүмдөрү жокко чыгарылган. Буга чейин «Караван» соода борбору Жогорку Кеңештин экс-депутаты, борбор калаанын мурдагы мэри Нариман Түлеевден соттун чечими менен конфискацияланган.

Ал 2017-жылы мамлекеттин менчигине кабыл алынган. Мамлекеттик мүлк фонду соода борбору ээлери алмашканына карабай мурдагыдай иштей турганын убада кылган, бирок ижарачылар бийликке дооматтар менен бир нече жолу митингге чыгышкан.