13 жаштагы кызды кордогон милиционерлердин жазасы кыскартылганы боюнча жооп берилди

Маалымат каражаттары зордуктоо боюнча жазып жатышат. Бирок тергөө тарабынан жашы жете элек менен шантаж аркылуу жыныстык катнашка баруу беренеси менен айып коюлган. 

image 8 1  13 жаштагы кызды кордогон милиционерлердин жазасы кыскартылганы боюнча жооп берилди

Бул тууралуу бүгүн, 16-январда 13 жашар кыздын зордукталышына катыштыгы бар милиция кызматкерлери боюнча чыккан чечим туурасында Бишкек шаардык сотунун судьялары түшүндүрмө берип жатып билдиришти.

«Бул иш 3 шектүүнүн экөө тарабынан 2021-жылы жасалган. Тактап айтканда, жаңы мыйзам күчүнө киргенге чейин жасалган. Айып жаңы мыйзам менен коюлган.

11-беренеге таянып, кылмыш жасалган учурдагы мыйзам колдонулган. Ага ылайык Свердлов райондук соту тарабынан эки шектүүнүн кылмыш иши мурдагы кылмыш жаза кодексинин беренесине алмаштырылган. 164-беренеге алмаштырылган. Ал эми үчүнчү шектүүнүн жактоочусу кайрылган эмес. Ушундан улам үчүнчү шектүүнүн чечими өзгөртүүсүз калтырылган», – деди ал.