Министрдин орун басары: “Алексей Ширшов менен Таалайбек Ибраевдин сүрөтү эски”

Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Алексей Ширшов бирге бара жатканда тартылган сүрөт интернет булактарына тарап жатат.

Буга байланыштуу суроого энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов 16- январда Бишкекте уюштурулган маалымат жыйында жооп берди.

«Менимче, бул эски сүрөт болсо керек. Тамашалап айтсам, сүрөттө министр кийип турган пальтону ал министрликте иштеп баштагандан бери көрө элекмин», – деди М.Жакыпов.