«Аалам сулуусу» сынагын АКШдан келген бийкеч утту

2022-жылы «Аалам сулуусу» сынагында АКШнын өкүлү Р’Бонни Габриэль жеңишке жетти.

Экинчи орунду Венесуэладан келген катышуучу, үчүнчүнү Доминикан Республикасынан келген катышуучу ээледи.

Р’Бонни Нола Габриэль 1994-жылы 20-мартта төрөлгөн. Ал Miss USA 2022 наамынын ээси.

71-Аалам сулуусу сынагы 12-январдан 14-январга чейин Жаңы Орлеанда (АКШ) өттү.

Жалпысынан 86 өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын атынан Алтынай Ботоярова катышты. Ал ТОП-16 талапкердин катарына кирген жок.

Screenshot 20230115 135759 Facebook 1024x679 1 «Аалам сулуусу» сынагын АКШдан келген бийкеч утту