Башкаруу сектору: Финансылык отчету боюнча бирдиктүү стандарт бекиди

Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттары бекитилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин жыйынында маселе чечилгенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, чечим «Бухгалтердик эсеп жөнүндө»  мыйзамдын ченемдерин ишке ашыруу алкагында кабыл алынган. Ага ылайык, коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары Кыргызстандын аймагында бюджеттик мекемелер колдонгон бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи болуп саналат.

Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугу Стандарттарына өтүүсү Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп системасын базар экономикасынын талаптарына ылайык келтирүүгө, бардык кызыкдар колдонуучулардын маалыматка жетүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет жана мамлекеттик башкаруу секторундагы финансылык абалдын жана натыйжалардын объективдүү картинасын камсыз кылат.