Чехияда президенттик шайлоо башталды

Чехияда кечээ, жума күнү президенттик шайлоо башталды. Ал эки күндөн кийин соңуна келет. Милош Земандын ордуна сегиз талапкердин кимиси мамлекет башчы болоорун өлкөнүн жарандары аныкташы керек.

Негизги талапкерлердин арасында жакында эле алдамчылык боюнча акталып, Прагада Украина боюнча “тынчтык саммитин” өткөрүүнү сунуштап жаткан өлкөнүн мурдагы премьер-министри Андрей Бабиш да бар.

НАТОнун Аскердик комитетинин экс-төрагасы Петр Павел жана Брно шаарындагы Мендель университетинин мурдагы ректору Дануша Нерудова менен атаандашат. Соңку социологиялык изилдөөлөр боюнча, алардын ар бири шайлоочулардын 26-27% колдоосуна ээ.

th 20 Чехияда президенттик шайлоо башталды