«Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унааны уурдаган киши колго түштү

13-январда саат 15:29да Москва районунун Беловодское айылында белгисиз адамдар Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкен.

Чүй облусунун ИИБнын жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, унаа Бишкек-Ош жолунун 32-чакырымында табылган. Айдоочу 38 жаштагы эркек киши болгон. Тиешелүү чараларды көрүү үчүн Москва районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда унаа айып жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.