Турсунбек Акун: Соттун митинг боюнча чечимин Жогорку сот жокко чыгарышы керек

Биринчи май райондук сотунун 21-мартка чейин тынч жыйындарды жана митинг, пикеттерге тыюу салган чечимин Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин Координатору Турсунбек Акун сынга алды.

Ал Биринчи май райондук сотунун бул чечими конституцияга жана адам укугу боюнча декларацияга карама-каршы келээрин баса белгиледи.

“Соттун бул мыйзамсыз чечимин эми Жогорку сот менен шаардык сот жокко чыгарышы керек”- деди.

Ошондой эле Турсунбек Акун 23-мартта Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзгөндөр жапырт камакка алынгандар да, 10-январда камалгандарды чыгаргыла деп адилеттүүлүктү талап кылып, нааразычылык акциясына чыккандарды кечке чейин камоо да мыйзамсыз экенине токтолду.

Тагыраагы, “укук коргоо органдарынын мындай аракети бийликке көлөкө түшүрүп, Кыргызстандын эл аралык имиджине доо кетирди. Кыргызстандагы демократиянын орношуна салым кошкон “Азаттык” радиосун жабылышы да бийликке аброй алып келбейт», — деп билдирди ал.