Феликс Кулов: “Акаевдин ишинин мөөнөтү өтсө да, ишти токтотуу реабилитациялоочу негиз болуп саналбайт”

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы экс-президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктаганына байланыштуу токтотулганын билдиргени тууралуу Феликс Кулов өзүнүн пикирин социалдык баракчасы аркылуу билдирди.


«Доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти токтотуу реабилитациялоочу негиз болуп саналбайт. Буга чейин Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Акаевге бир нече беренелер боюнча айып тагылган.

Алар 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен келишим түзүүгө жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоого байланыштуу болгон»,-деп жазды.