Оператор Калыс Аширбаев үй камагына чыкты

Журналист Санрабия Сатыбалдиева менен бирге кармалган оператор Калыс Аширбаев үй камагына чыкты.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, Аширбаев 27-февралга чейин үй камагында болот.

Эске салсак, Аширбаев 4-ноябрга караган түнү кармалган. Ал эми Сатыбалдиеванын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң журналист убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилген. Ал эч жака кетпөө тил катынын негизинде бошотулган.

Журналист Санрабия Сатыбалдиева «опузалап талап кылуу» фактысы боюнча кармалган. Ал жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу шылтоосу менен коркутуп, 10 миң АКШ долларын опузалап талап кылган.