Чет өлкөдөн билим алуу үчүн стипендиялык программалар: талаптары жана тапшыруу шарттары кандай?

Кыргызстанда чет өлкөдө билим алууну каалаган жаштардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Айрымдар окуусун аяктап, иштеп жаткан учурда да чет өлкөгө барып кайрадан окугусу келет. Бирок баарынын эле бул кыялы ишке аша бербейт. Шартка байланыштуу жана маалыматтын жоктугунан көбүнүн кыялы орундалбай калган учурлар дагы бар.

Кыргызстандагы жаштарга чет мамлекеттерде билим алууга кандай мүмкүнчүлүктөр бар? Чет өлкөдө окууну кыялданып, бирок бул тилеги ишке ашпай калган Бурулдун окуясы аркылуу, сыртта окуунун мүмкүнчүлүктөрүн талдап көрдүк.

“1500 долларга алдандым”

Өзүн Бурул деп тааныштырган Ош шаарынын тургуну 2022-жылы Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктап, магистратураны чет өлкөдө улантууну чечкен. Ал борбор калаадагы ортомчу компаниялардын бири аркылуу Кытайдагы университеттердин бирине сүйлөшүп, алданып калган.

“Мен 2022-жылы Бишкектеги окуу жайды бүтүп, башка жактагы окуу мүмкүнчүлүктөрүн өз алдымча эле карап баштагам. Эч кимден кеңеш алган эмесмин. Жолдо кетип баратып бир чет өлкөдө билим алуу үчүн жөнөткөн компаниянын жарнамасын көрүп калып, барып көрүүнү туура көрдүм. Ал жактагы кызматкерлер “Германияга, Кытайга, Америкага студенттерди жөнөтөбүз” деп айтышты. Анан мен Кытайга кетүүнү чечип, сүйлөшүп отуруп, аларга ишендим. Алгач визага, аркы-берки документтерди бүтүргөнгө 1500 доллар бердим. Ортодо эки айга чукул ал компаниядан жооп күтүп жаттым, акырында “үлгүрбөй калдыңыз” деген жооп келди”, – деди ал.

Анын айтымында, ал өзү сыртта окуу үчүн Билим берүү министрлигине кайрылган эмес. Бурул жеке компаниядан алган маалыматы менен эле Кытайдан окуйм деген максаты бар болчу.

“Албетте, алданып калганда мага кыйын болду. Ушул кантип болсун деп стресске кабылдым, көпкө өзүмө келе албай жүрдүм. Ал компанияны сотко бере албайт экенмин. Анткени көпчүлүк компанияларда шарты ошондой экен. Мисалы, чет өлкөдө окуйм же иштейм дегендер алгачкы сумманы төгүп берип анан келишимдер башталат экен. Ага чейин кандайдыр бир окуя болуп кете албай калсаң, анда ал акчаны кайра кайтарып бербейт. Мындай компаниялар өтө көп экен да. Ага чейин мен Билим берүү министрлигине кайрылып дагы көрбөптүрмүн. Министрлик аркылуу дагы чет өлкөдө билим алса болорун кийин гана билдим. Негизи мага окшогон кээ бир жаштарга маалымат жетпей, алданып калган учурлар болот”, — дейт Бурул.     

Бул бир эле каарманыбыздын окуясы. Мындан башка дагы жеке компанияларга алданган учурлар көп кездешет. Адистер ортомчу фирмалар менен чет жакка кетүүдө этият болуусун эскертип келишет. 

“Жеке компаниялар визага кепилдик бере албайт”

Бишкектеги “Перспектив” окуу борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов абитуриенттерге жана ЖОЖдун бакалаврынын бүтүрүүчүлөрүнө чет өлкөдө окууну сунуш кылган ортомчулар менен мамиле түзүүдө этият болууга эскертет. 

Кубанов чет өлкөдө билим алам деген жаштардын каалоосу жогору болсо,  жеке компанияларсыз эле өз алдынча тапшырса болорун белгилейт.

“Чет жакка кетем деген жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр көп. Ар кандай стипендиялык программалар бар. Мисалы, Европа өлкөлөрүнө анын ичинен Чехиядагы же Германиядагы университеттерге тапшырам дегендер болсо, бир жыл тил үйрөнүп, бекер окуу жайларга тапшырып кетсе болот. Буга эч кандай компаниялардын кереги жок. Ошол эле Түркия, Кытай, Венгрияга дагы тапшырса болот. Эң негизиси тил аябай рол ойнойт. Жаштар ортомчу компаниялар менен кетүүнү чечсе, бүт баарын тактап, алдын ала келишим түзүп, кол коюушу керек. Ошондой эле, Кыргызстандабы же каалаган башка мамлекеттеби ортомчу компаниялар визаны “100% алып берем, окууга же жумушка кетирем” деп кепилдик бере албай турганын түшүнүш керек. Балким окууга тапшырганга кепилдик берсе дагы, бирок визага бере алышпайт. Бул боюнча бир гана ошол мамлекеттин элчилиги чечим кабыл алат”, – дейт ал.

Кубанов жеке фирмалар аркылуу эмес, Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу чет өлкөгө барып окуган ыңгайлуу жана коопсуз экенин белгилейт. Анын айтымында, өзү дагы министрлик аркылуу Кытайдан билим алып келген.

“Ортомчу компанияларга барганда сөзсүз түрдө анын лицензиясын, юстиция органдарындагы каттоо күбөлүгүн сураш керек. Канча жылдан бери иштеп жатканын, кандай иштегенин такташ керек. Ар бир жаран ошол компания жөнүндө мүмкүн болушунча көп маалымат алганга аракет кылганы жакшы. Жарнама берип жаткан компания ар бир жаранга ал кызыккан маалыматты так жана туура бергенге милдеттүү. Бирок, жаштар фирмаларга көп ишенбей министрликтин маалыматына ишенгени жакшы. Министрликтин программасы аркылуу Кытайга, Венгрияга же башка мамлекеттерге тапшырам десе, ал жакта талаптары бар да. Ошол талаптарга дал келсе министрлик аркылуу кетүү ыңгайлуу жана ишеничтүү болот”, — дейт ал.

Эч кандай чыгымы жок эле сыртта билим алуу программалары абдан көп. Ушул тапта Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-жылга карата Кытайдагы жана Венгриядагы жоргорку окуу жайларына сынакка тандоо үчүн арыздарды кабыл алууну баштады.

Кыргызстандын жарандарына Венгриянын ЖОЖна бакалавриат, бир деңгээлдүү магистрдик программа, магистратура жана докторантура программалары боюнча венгр же англис тилдеринде окуу үчүн гранттар бөлүнөт.

Ошондой эле, Кытайдагы жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча стажировка өтүү үчүн гранттык орундар берилет. Мындай абитуриенттерге стипендия сунушталат, алар жазуу түрүндө гранттарга катыша алышат же окуу жайдын эсебинен бекер окушат.

Ал эми конкурстук сыноолорго каттоо жана катышуу акысыз жүргүзүлөт. Министрлик чет жактан окуйм дегендерге документтерди башка агенттиктер аркылуу бербөөнү жана акы төлөбөөнү эскертет. Анткени программа Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Темпус” коомдук фондунун түздөн-түз кызматташуусу аркылуу ишке ашырылат.

Кыргызстанда быйыл мектепти 80 миңдей окуучу аяктайт. Мындан сырткары, 9-класстын базасын 110 миңге жакын окуучу бүтүрөт.

“Азаттык” үналысы үстүбүздөгү жылдын январь айында жаштар арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Анда өлкөдөгү жаштардын дээлик 90 пайызы чет өлкөгө барып иштеп же билим алууну каалай тургандыгы аныкталган.