Катуу сууктан Ысык-Көлдүн жээги тоңду

Социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн тоңгон сейрек учуроочу көрүнүшү тартылган видео жарыяланды.

Соцтармактын колдонуучуларынын маалыматына ылайык, видео Ысык-Көл районунун Өрүктү айылындагы көлдүн жээгинде тартылган.

Буга чейин Кыргызгидромет борборунан Кыргызстанда ызгаардуу суук болжол менен 17-январга чейин созуларын, 19-20-январда абанын температурасы бир аз жогорулай тургандыгын билдиришкен.

News 108098806556389460220796672661433526422 Катуу сууктан Ысык-Көлдүн жээги тоңду