Сузакта эл аралык террористтик уюмдун шериги кармалды

Сузак районунда эл аралык террористтик уюмдун шериги кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  13-январда УКМК Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы тарабынан Сузак айылында туулган Эл аралык террористтик уюмдун шериги Х.А.С. кармалды.

Кылмыш иштин 255-берененин 2-бөлүгүнүн алкагында, Х.А.С. “жихадчы” идеологиянын активдүү жактоочусу катары социалдык тармактар аркылуу Сириядагы эл аралык террористтик уюмдун эмиссарлары менен байланышып, көрсөтмөлөрүн аткаруу менен ЭТУнун катарына жаңы жактоочуларды тартуу үчүн «Тик Ток» жана «Инстаграм» социалдык түйүндөрүндөгү жеке баракчасында «Джамаат Таухид ва-Джихад» жана «Өзбекстан ислам кыймылынын» видеокайрылууларын таратып, пропагандалагандыгы аныкталды.

Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында X.А.С.дын жашаган жеринен, радикалдуу видеолорду жарыялап колдонуп жүргөн 3 уюлдук телефон табылып алынган.

Кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусунун тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө уланууда.