Кыргызгидромет 16-январга чейинки Кыргызстанда аба ырайынын болжолун жарыялады

Абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт.

Чүй облусу

14-15-январь күндөрү түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн — 20…- 22 °С, күндүзү – 10… – 12 градус суук болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Ысык-Көл облусу

14-15-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн -11…-16 °С, күндүзү -6 … -11 °С суук болот. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Нарын облусу

14-15-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн — 23…- 28 °С, күндүзү — 12…- 17 °С суук болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ош облусу

14-15-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Түнкүсү -14…-16 °С, күндүзү -8 … -10 °С суук болот. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Талас облусу

14-15-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -19 … -24 °С, күндүзү -10…-15 °С суук болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жалал-Абад облусу

14-15-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -13…-18 °С, күндүзү -7 … -12 °С суук болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Баткен облусу

14-15-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -11…-16 °С, күндүзү -8 … -13 °С суук. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.