“Бул берене боюнча айрым жаштар камалган”: Депутат «Аймак аралык касташууну тутандыруу» беренеси боюнча кеп козгоду

12-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирет.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков сунушталган мыйзам долбоору адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, экстремисттик ишмердиктен аймактык бүтүндүктү коргоо жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөй тургандыгын белгиледи.

Талкуу маалында депутат Эльвира Сурабалдиева «аймак аралык касташууну тутандыруу» деген берене боюнча көптөгөн жарандарга карата кылмыш иштери козголуп жатканын айтып, суроолоруна түшүндүрмө алды. Ал эми депутат Шайлообек Атазов диний экстремисттерди аныктоо, алар менен иш алып баруу боюнча Ички иштер министрлигинин кандай түзүмдүк бөлүмдөрү алектенип, кандай адистер даярдалынып жатканына кызыгып, аталган кылмыш иштери созулуп жатканын айтты. Министрликтин өкүлү бул менен ИИМдин 10-башкы башкармалыгы алектенип, андан соң соттук териштирүүлөргө Юстиция министрлигинин эксперттери тартылаарын маалымдады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты.

Мындан тышкары, жыйында “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды. Баяндамачы Сүйүнбек Өмүрзаков белгилегендей, сунушталган мыйзамдын долбоору редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында иштелип чыккан.