“Улуу көчмөндөр мурасына” бөлүнгөн 3 млрд сомдун чоо-жайына депутат кызыкты

12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингине бөлүнгөн акчаны териштирди.

Депутат мамлекеттик бюджеттен 3 млрд сом бөлүнгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги бир жыл өтпөй жабылганын эске салды.

«Бизге маалымат берген Каржы министрлиги 2 млрд сом кайтарылат, ал эми 1 млрд сомго жакын каражаттар, тагыраагы 700 млн сом изи менен жок деп билдиришкен. Бизге бул маселе тууралуу так маалымат бериңиз”, — деп Эмил Токтошев президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинги Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы токтому менен түзүлгөн.

Буга чейин Каржы министрлигинен: «Республикалык бюджеттен компаниянын уставдык капиталына 3,4  млрд сом которулган. Учурда ал каражат банктагы эсебинде толугу менен сакталып турат. Бүгүнкү күнү Министрлер кабинети тарабынан аталган коомду жоюу боюнча тийштүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу,  Финансы министрлигинен бөлүнгөн каражаттын 2,7 млрд сому республикалык бюджетке кайтарылат», — деп билдиришкен.

Министрлик билдиргендей, калган 700 млн сом мыйзам талаптарына ылайык «Улуу көчмөндөр мурасы» компаниясын жоюуга байланыштуу кредиторлордун талаптарын канаатандырууга жумшалат.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура «Улуу көчмөндөр мурасын» жетектеген Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектүү деп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.