“Газ менен жүрөт”. Бишкекке Кытайдан 20 жаңы автобус келди

Бишкекке Кытайдан 20 жаңы автобус келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, ал газ менен жүрөт. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы отуруучу орундук, 1 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адам үчүн орундук.

Жакында борборго дагы 100 автобус келет. Аталган 120 автобусту сатып алууга шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.

BEK 6889 "Газ менен жүрөт". Бишкекке Кытайдан 20 жаңы автобус келди
BEK 6662 "Газ менен жүрөт". Бишкекке Кытайдан 20 жаңы автобус келди