Баткен шаарында аялдын жансыз денеси табылган. Милиция анын өздүгүн аныктоо үчүн коомчулукка кайрылат

Бул туурасында Вulak.kg редакциясына Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылы 10-январь күнү жаран Ш.А. Баткен ШИИБдин нөөмөт бөлүгүнө уюлдук телефон аркылуу чалып, Баткен шаарынын К.Турмаматов көчөсүндөгү үйдүн ичинде бейтааныш аялдын жансыз денеси жатканы тууралуу билдирген. Аталган факты 2023-жылдын 10-январь күнү Баткен ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталган.


Өзгөчө белгилери: Жашы 45-50 чамаларында, боюнун узундугу 155-165 см, кашы, көзү кара, дене түзүлүшү арык чырай, чачы кыска жана психикалык жактан жабыркаган. Өзүн “Санабар” деп таныштырып жүргөн.


Кийген кийимдери: Үстүндө кара түстөгү узун куртка, кара шым, көк свитер.
Жогорудагы маркум аялдын өздүгү аныкталбай жана жакын туугандары табылбай жатканына байланыштуу, ал тууралуу кандайдыр-бир маалымат билгендер болсо, Баткен ШИИБге төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюңуздарды суранабыз: (03622) 5-00-68, 0508 03 16 35.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы