Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Ал жабырлануучуга таандык унааны сатып жиберген

Бул туурасында Вulak.kg редакциясына ИИМден билдиришти.

2022-жылдын декабрь айында ички иштер органдарына Чүй облусунун 35 жаштагы жашоочусу кайрылып, алдамчылык жолу менен материалдык чыгым келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.


Аныкталгандай, Москва районунун аймагынан шектүү алдоо жолу менен жабырлануучуга таандык унаны башка бирөөгө сатып жиберген.


Бул факты боюнча 2023-жылдын январь айында Москва РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүшкөн.


Жакында, ыкчам иштердин жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагынан шектүүнү кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен.
Кармалган жаран Чүй облусунун Жайыл районунун тургуну 1995-жылы туулган Б.М. кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.


Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы