
Жогорку сот укук коргоочу Камил Рузиевди актады. Бул тууралуу 10-январда мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, Ысык-Көл облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2022-жылдын 11-октябрындагы өкүмү жокко чыгарылды.
Рузиев 2022-жылдын 12-августунда Каракол шаардык соту тарабынан кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу акталган. Бирок октябрь айында Ысык-Көл облустук соту актоо өкүмүн жокко чыгарып, Рузиевди «Документтерди жасалмалоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 80 миң сом айып салган.
Камил Рузиев 2020-жылдын 29-майында эки берене – «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» боюнча айыпталып, кармалган.
