Биринчи Май райондук соту кайсы жерде митинг өткөрүүгө тыюу салынганын айтты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту муниципалдык райондук администрациянын тынч жыйындарды өткөрүүгө чектөө киргизүү чечимин мыйзамдуу деп тапты. Ошондой эле 31-мартка чейин чектөө күчүндө болоорун, токтом 2022-жылдын 26-декабрында кабыл алынганы маалымдады.

Эми митингдерди Ала-Тоо аянтында жана ага чектеш Эркиндик бульварында Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;

Жогорку Кеңештин имаратынын жана ага чектеш Иван Панфилов атындагы парктын жанында;

президенттик администрациянын жанында;

Таттыбүбү Турсунбаева атындагы аянттын аймагында;

Жогорку соттун жанында;

Россиянын элчилигинин жанында;
УКМКнын жанында митинг өткөрүүгө тыюу салынат.

Болгону, Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Максим Горький аянтында тынч жыйындарды жана митингдерди өткөрүүгө уруксат берилди.

Эскерте кетсек, бүгүн Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында камактагы Кемпир-Абад коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн жакындары “мыйзамдуулукту талап кылабыз” деген ураан менен митингге чыгып, милиция тарабынан кармалды.