Таласта коррупцияга шектелип төрт адам кармалды

Талас шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңешинин кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Кылмыш кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема аныкталды.