Активист Тилекмат Күрөновго издөө жарыяланды

Жарандык активист Тилекмат Күрөновго издөө жарыяланды. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулу бүгүн, 10-январда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган адамдардын жакындары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кылмыш-жаза кодексинин 277-беренеси боюнча айыпталгандардын, тактап айтканда массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалгандардын камоо мөөнөтү 20-февралга чейин узартылган.

“Учурда 24 адам камакта, экөө үй камагында. Бир жаранга издөө жарыяланган. Тергөө иштери боюнча лингвистикалык, политологиялык, техникалык экспертизалар дайындалган. Анын негизинде дагы чечимдер кабыл алынат”, — деди Нурдин Эшимкан уулу.