Бишкекте өспүрүм кыз 12-кабаттан кулап каза болду

Фото иллюстративное

Бишкекте 16 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан кулап каза болду.

Маалыматты Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-январь күнү эртең менен саат 08:41 чамасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын “102” кызматына көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 12-кабатынан жаш кыз кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге жөнөп, милиция кызматкерлери кыздын 12-кабаттын терезесинен кыз кулап кеткендигин аныкташкан. Ал 2007-жылы туулган жашы жете элек К.Н болгон.

Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда иштин чоо-жайы иликтенип жатат.