Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгы шаардыктардан кечирим сурады

Бишкектин борборунда троллейбустар бир саатка токтоп калды. Анын себебин мэриянын басма сөз кызматы Совет-Чуй көчөлөрүнүн түштүгүндө жагдайдан улам болгонун түшүндүрүүдө.

Арыз 10:45те берилип, тыныгуу саат 11:35ке чейин бекитилген. «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасы болсо кескин суукка байланыштуу троллейбустарга карата рейд жүргөнүн, башкармалыктын жетекчилиги менен бөлүм башчылары биргеликте баардык троллейбустардын жылыткычтары, техникалык абалы текшерилгенин кошумчалады.

«Бир саат троллейбустар жүрбөй, шаардыктарга ыңгайсыздык жаралганы үчүн Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктардан улам шаардыктардан кечирим сурайт»,-деп айтылат маалыматта.

Урматтуу шаар тургундары! Ишкананын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча 312 65-74-39 телефонуна кайрылсаңыздар болот. Ошондой эле социалдык тармактардагы расмий баракчаларына да көз салып турушуңарды өтүнөт.